Алмазбек Атамбаев Пакистандагы терактка байланыштуу өлкө башчысы Мамнун Хусейнге көңүл айтты. Бул тууралуу 17-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Көңүл айтуу телеграммасында: "Сехван-Шариф шаарындагы теракт боюнча маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз эли Пакистан элинин кайгысын тең бөлүшөт жана терроризмди катуу айыптайт",- деп айтылат.
Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы мавзолейде 16-февраль күнү ондогон сыйынуучулардын арасында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Мындан улам 70тен ашууна адам каза болуп, 150дөн ашуун киши жарадар болду.