Чаткалга жааган калың кардан улам тургундарга азык-түлүк жөнөтүлдү

Чаткал районуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 60 үй-бүлөгө чай, консерваланган эт азыгы жиберилди. Бул тууралуу бүгүн Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуман Накетаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Чаткал аймагында жашаган эл үчүн ӨКМдан 60 үй-бүлөгө жете турган азык-түлүк жиберилди. Учурда Ала-Бука аймагындагы ашуу кардан тазаланып ачылса, алынып келинет. Азыктар аймактагы турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилет", - деп билдирди Накетаев.

Эскерте кетсек, Чаткал районуна караштуу Ак-Таш айылында 3 күн тынбай жааган кардан улам, тургундар ачка калганын "Элдик кабар" рубрикасына билдиришкен. Ал эми Чаткал районун акими Канжарбек Эшалиев эл ачка калбаганын, абал көзөмөлдөнүп жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2017-02-17 13:44:07
Жоноткондоруно чоон рахмаат!
БИРОК жонотулгондору толугу
менен бей бечаараларга берилишине кумонум бар.
Комиссиясы кошо келип
таркатса жакшы болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан