Түркияда сабалган кыргыз кыз ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу мекендешибиз SUPER.KG порталына билдирип, Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн консулу Руслан Молдакунов тастыктады.
"Кызды кечээ, 16-февралда саат 11лерде чыгарышты. Бул жактан ага жергиликтүү "Halk" партиясы жардам берип жаткан. Жабыркаган кыздын башындагы жипти мурда күнү алышкан. Кишилер кайра-кайра келип тынчын ала беришкенинен, партиянын өкүлү ижарага батир алып берди. Учурда кыз апасы менен ошол жакта", - деди кабарлашкан мекендешибиз.
Жабыркаган кызды апасы гана карап, дары-дармегин берип жатканы маалым болду.