Ээнбаштык, белгиленбеген жерге таштанды таштоо жана өрттөө, өз билемдик менен бак-дарактарды кыюу, жашы жете элек өспүрүмдү окутууда жана тарбиялоодо милдеттерди аткарбаган жарандарды соттун чечими менен коомдук иштерге тартуу иштери башталды. Бул тууралуу 17-февралда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда азыркы учурда мыйзамды бузган жети шаар тургуну милициянын коштоосунда бөлүнгөн аянтты тазалашат. Бузуучулар таштандыларды чогултушуп, кардан тазалоо иштерин өткөрүшөт. Жумушчулар бардык керектүү инвентарлар менен камсыз болушат. Коомдук иштерге тартуу Свердлов райондук сотунун чечими менен ишке ашып жатат.