20-февралдан тартып Кулатов көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Элебаев көчөсүнө чейинки аралыгы бир багыттуу болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү шаардык кызматтар тарабынан керектүү жол белгилери орнотулуп, жол чырактардын иштөө режимин өзгөртүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
"Аталган чечим вице-мэр Геннадий Милицкийдин төрагалыгы астында жол-транспорт көйгөйлөрүнө байланыштуу чечимдерди кароо жана кабыл алуу боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бул жол кыймылын уюштурууга жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу болуусуна оң таасир этет. Бишкек шаарынын мэриясы аталган тилкеде бара жаткан айдоочуларды этият болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.