2015-жылы Кылмыш-жаза кодексинин "аткезчилик" беренеси боюнча 6 адам соттолуп, эркинен ажыратылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо органдары аткезчилик боюнча 2014-жылы 259, 2015-жылы 269, 2016-жылы 221 кылмыш ишин ачкан, бирок сотко 2013-жылы 46, 2014-жылы 29 (11 пайыз), 2015-жылы 17 иш (5 пайыз) жеткен. 2015-жылы аткезчилик боюнча 6 адам соттолуп эркинен ажыратылган.