2017-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасы Кытайдан эт, сүт продукцияларын алып келүү боюнча убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 17-февралдагы жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери билдиришкен.
Алардын айтымында, бул тыюу Кытайдан келчү продукцияларды ЕАЭБ өлкөлөрү биргеликте текшергенге чейин созулмакчы. "Адистер текшерүүлөрдү жүргүзгөн соң, эт продукциялары Кытайдан ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттолору же импорттолбой турганы чечилет", - дешкен адистер.
Депутат Мирлан Бакиров бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына билдиргендей, эгер өкмөт эт азыктарын импорттоого бөгөт коюу боюнча маселени аягына чейин чыгара турган болсо, мунун Кыргыз экономикасына таасири сөзсүз тиет. "Анткени бизде өндүрүлгөн эттин, мал жандыгынын баасы көтөрүлөт. Бул ар бир дыйкандын үй-бүлөсүнө таасир этет. Аймактарда малдын баасы мурдакыга салыштырмалуу 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көтөрүлгөнү айтылууда", - деди депутат.
"Экинчиден, Кытайдан кандай эт бизге келип жатканына, анын сапатына көңүл буруу зарыл. Биздин лабораториялар эт азыктарына эмнелер кошулганын изилдеп отурганга толук камсыз кыла албайт. Эң негизги маселелердин бири - Кытайдын эти талаптарга жооп береби же жооп бербейби. Мисалы, өткөндө ветеринардык кызмат базарларда рейд жүргүзүп, Кытайдан келген эт сапатсыз экенин аныктаган болчу", - деп эскертти Бакиров.
"Үчүнчүдөн, малдын баасы көтөрүлгөн сайын биздин дыйкандар малдын санын көбөйткөнгө аракет кылат. Биз өзүбүздү эт менен 100 пайыз камсыз кыла албайбыз. Импорттон көз карандыбыз. Бирок "импортко көз карандыбыз" деп туруп сапатсыз этти сатып ала бербешибиз керек. Экспортко багытталган экономика болгонго аракет кылышыбыз керек", - деген оюн айтты депутат.