Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин алдына Дастан Сарыгуловду колдогондор митингге чыкты. Бул тууралуу SUPER.KGге активист Айбек Мырза билдирди.
Алар Дастан Сарыгуловго саясий куугунтук токтолушун, мыйзамдуу сот чечими чыгышын талап кылды. Колдоруна "Сарыгуловду каралоо токтотулсун", "Аксакалдан колуңарды тарткыла", "Сарыгулов саясий курмандык болууда" деген жазууларды көтөрүп алган.
Мындан тышкары, алар президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевге, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатаровага кайрылуу жөнөтүштү.