Ош облусунун Алай районунда уй жүктөлгөн жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 10-октябрда Кытай жараны жүк ташуучу унаасына 46 баш уйду жүктөп, "Эркечтам" чек арасынан өткөн. Айдоочу Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда унааны башкара албай, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 баш уй өлүп, дагы 8 уй жабыркады. Ошондой эле жүк ташуучу унаа материалдык зыянга учурады.