Кара-Кулжада айрым айылдарда ичимдикке каршы акция өттү. Анын алкагында дүкөндөрдөгү 20 миң сомдук алкоголдук ичимдиктер жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Алайкуу өрөөнүндө алкоголдук ичимдик көбөйүп кеткенине байланыштуу элдер "Ичимдикке каршыбыз" аттуу акция өткөрүштү. Дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүрүп, алар ичимдиктерди мындан ары сатпай турганын билдиришти", - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.