Бишкекте бүгүн, 22-февралда Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге каршы митинг өтүп жатат. Ага 100гө жакын жаран катышууда. Митингчилер Т.Батыралиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Министрдин ишине нааразылык билдиргендер "Улут генофонду коркунучта", "Министерство здравохранение это министерство захоронение", "Горин Олег руки прочь от лицензии", "Тендер это рай для министерства" деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.
Министрдин кызматтан кетишин талап кылган митинг биринчи жолу өтүп жаткан жок. Бир апта мурун 20га чукул жаран Жогорку Кеңештин алдына чогулган эле.
Талантбек Батыралиевдин ишин текшерүү маселеси буга чейин парламентте дагы көтөрүлгөн. Эл өкүлү Айсулуу Мамашева Саламаттыкты сактоо министри тарабынан дарыгерлерге кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыккан. Мындан улам министрдин ишин текшерүү чечими чыгып, депутаттык комиссия түзүлгөн.