Ош облусунда Советтер союзу учурунда 10 миңдеген гектарга тамеки эгилсе быйыл 50 гектар жерге өстүрүлөт

Ош облусунда быйыл 50 гектарга тамеки өстүрүлөт. Мындай маалымат бүгүн, 22-февралда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жазгы талаа иштерине даярдыктардын жүрүшү боюнча коллегиялык жыйында айтылды.

"Быйылкы жылда жаз алды менен облустун аймагына 50 гектарга тамеки эгүү пландалып жатат. Анткени тамекиге суроо-талап азайып кетти. Атайын тамеки алуучу фирмалар келбей калды. Советтер союзу учурунда Ош облусу боюнча 10 миңдеген гектар жерге "сары алтын" деп атап, тамеки эгишчү. Азыр көпчүлүк дыйкандар башка чарбалык өсүмдүктөрдү эгип өстүрүүгө басым жасап жатышат", - деп билдирди облустук өкүлчүлүктөн Жумамүдүн Сулайманкулов.

Маалыматка ылайык, быйыл 2017-жылы облус боюнча 20 321 гектар аянтка жаздык буудай, 15 662 гектар жерге арпа, 27 091 гектарга жүгөрү эгүү пландалууда. Мындан сырткары 6 423 гектар жерге май өсүмдүктөрү, 43 158 гектарга тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Ошондой эле 7900 гектарга пахта, 13 112 гектарга картошка, 9 294 гектар аянтка жашылча эгүү пландаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aiko_92_29_08
2017-02-22 16:32:43
Озун иштей бер ошо тамекиге азыргы заманда эч ким иштебейт
-1
suban78
2017-02-22 16:53:38
Тамекиде иштедик ко кичине кезибизде, туну менен уктабай тамеки тизип, атаны...
0
isnur93
2017-02-22 18:23:09
suban78,уктап кетсен зып зып ийне жеп десен.
0
bond
2017-02-22 21:50:38
Каяктагы статистиканы айтпагыла мынанча буудай мынанча пахта деп азыр ар Ким оз алдынча кааласа эч нерсе экпей коет каяктагы плановый экономиканы суйлобогулочу.
0
bolotbeck1983
2017-02-23 04:42:36
Эн туйшуктуу жумуш тамеки остуруу. Бирок жыйынтыгы бир эле - кайра эле тамеки. Анан отунун жагасын болду.
0
Aldyiar
2017-02-23 11:08:39
Болбогон тамеки жумушу кыйын сасык кереки жок азыркы убакытда биз иштей берип бул тамекиде чарчадык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан