Чаткалда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүрүүдө

Чаткалда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-февраль күнү Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын артиллериялык тобу кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 69-71-чакырымдарында 7 снаряд атылып, 320 миң метр куб кар көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылган. Унаа жолду тазалоо иштерине №27-жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылып, саат 22:45те бир тарапка ачылган. Кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн да уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2017-02-22 16:59:20
Кар кочку бошошуп озу тушуп атканда атып тушурушу керек
эле.Азыр кун суук болуп кар
катып калганда кайдан тушмок
эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан