Евробиримдиктин эксперттери Кыргыз мамлекетинин 8 лабораториясынын абалын текшерген. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда лабораториялар тууралуу өтүп жаткан жыйында биримдиктин эксперти Руджеро Малосси билдирди.
“Бүгүнкү күндө бардык лабораториялар эл аралык стандарттардын аккредитациясынан өтүп жатыптыр. Бирок ошол эле учурда жетишпестиктер бар. 8 лабораториянын ичинен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын лабораториясында гана оңдоп-түзөөлөр болуп, толугу менен аккредитациядан өткөн. Ошондой эле заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Калган лабораториялар оңдоп-түзөө иштерин дагы баштай элек. Мындан тышкары жабдуулар менен камсыздалган эмес”, - деди ал.