СУПЕРСТАН: "Биологиядан мугалимге курт-кумурскаларды кармап келсем, чейректен сурабай туруп "5" коюп берчү"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мектептеги жакшы көргөн сабагыңыз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Сабактын бүтүшүн күтүп отурасың го, арт жакта терезенин алдында уйку келип сыртты карап..."

"Мен бир дагы сабакты жакшы көргөн эмесмин".

"Азыркы убакта жакшы көргөн сабагым - тарых".

"Мага биология, химия, чийүү сабактары жакчу".

"Биологиядан ар кандай курт-кумурскаларды мугалимге кармап келип берет элем, чейректен сурабай туруп "5" коюп берчү".
"Орус тил жакчу, себеби агай кирип, жомокту орусча окуп, кыргызча которуп чыгып кетчү".
"Физика сабагын жаман көрөт элем, мисалдарын чыгара албай кыйналчумун, а алгебра сабагын жакшы көрчүмүн".
"Англис тили менен орус тили сабагына кызыкчумун. Аябай жакшы окуйт элем дебейм, бирок тез окуп, туура жазган кызык болчу, башка сабактарга караганда ушул сабактардан көбүрөөк өзүмдү сынап көрчүмүн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2017-02-22 19:56:58
мага математика сабагы жакчы, )))
0
Ali-91
2017-02-23 13:34:03
География жакчу мага
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан