"Мен бул өлкөнү сүйүп калдым" деген орусиялык журналисттин Кыргыз өлкөсү тууралуу баяндаган видеосу интернетке чыкты

Орусиянын "Живая планета" телеканалынын алып баруучусу Константин Бышевой Кыргыз өлкөсү тууралуу тартылган "Планетанын жандуу символдору. Кыргыз өлкөсү. Жаныбарлар" деген көрсөтүүсүн 22-февралда интернетке жүктөгөн. Бул маалымат менен социалдык тармакта бөлүшкөн алып баруучу "Мен Кыргыз өлкөсүн сүйүп калдым, баарыӊардан көптөн-көп өтүнүп, бул өлкөгө сөзсүз барууӊарды сунуштайм. Ал жакта баары кызык: тамактар даамдуу жана арзан" деп жазган.

"Мен кайсы жакка барарымды тандап алгандан кийин ал өлкө мени таӊ калтыра турган болушу керектиги, өзүм үчүн көп жаӊы нерселерди ачууну кыялданган элем. Ал үчүн учак менен алыска учуп баруунун зарылчылыгы жок. Мен кеп кыла турган өлкөгө жетүүнүн жолу жөнөкөй. Бирок ал өзүнүн уникалдуулугу жана эч жерде жок ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт". Мына ушундай сөздөр менен анын Кыргыз жери жөнүндө кызыктуу, сүйүүгө, жагымдуу сезимдерге толгон баяндоосу башталат.

Белгилей кетсек, Константин Бышевой май айында Facebook социалдык тармагына кыргыз жеринде тартылган сүрөттөрүн жүктөп, "Кыргыз өлкөсү, мен сени сүйүп калдым! Чын айтып жатам. Ошондой эле чыныгы кыргыз жана мыкты жигит Санжар Урсеитовго рахмат, жакында кайтып келебиз. Жакында "Живая планета" телеканалынан Кыргыз өлкөсү жана бул сыйкырдуу өлкөдөгү жандуу символдор тууралуу чоң фильмди көрө аласыздар", - деп жазган.

"Кыргыз өлкөсүн сүйүп калдым" деген журналисттин баяндоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nadyrbekkg
2017-02-24 10:40:51
Абдан жакшы жаңылык мамлекетим мн сыймыктанам.
+4
modem4999
2017-02-24 10:44:59
Сагынып аран журом. Качан жай келет?
+1
meni_kut
2017-02-24 10:48:35
А бизде кыргыздар Бали аралына суктанып буто албай жатышат.
+12
ekaterinburg
2017-02-24 13:02:10
Атындан кагылайын Кыргыз жерим...
+6
ulukbek.kg
2017-02-24 13:58:34
Коддо бар алтындын, баркы жок. ээхх
+5
zahid
2017-02-24 15:08:07
Бул видеону кантип жуктосом болот
+2
mongol6
2017-02-24 19:28:17
Ысык-Колдо южный берегте тартылыптыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан