Бишкекте окуучулар арасында өткөн "Жоокер ыры" аскердик-патриоттук ыр сынагынын жеӊүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте мектеп окуучулары арасында өткөн "Жоокер ыры" аскердик-патриоттук ыр сынагынын жеӊүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда маалымдады.

"Сынактын максаты - чыгармачылык аркылуу катышуучулардын патриоттук сезимин көтөрүү, тарбиялоо. "Патриоттук ыр" номинациясы боюнча 1-орунду Айзан Усупбаева, 2-орунду Акмарал Акылбекова алса, 3-орунду Роза Дүйшеева алган. Ал эми "Аскер темасындагы ырлар" номинациясы боюнча 1-орунду Роман Чеснов ээлесе, 2-орунду Олжобай кызы Гүлкан жана 3-орун Бермет Кундашевага буюрган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Алина Волочкова, Алина Турганбаева, Суннатбек уулу Эрлан, Мейилкан Темирова, Дарья Дудашвили, Алина Балабина, Ботогоз Иргебаева, Асылбек кызы Айбурул атайын белектерге ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur_zhoni
2017-02-24 22:25:22
Биринчи суротогу кыз жакты мага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан