Уралдагы университет Кыргыз абитуриенттерине 30 бюджеттик орунду берет

Урал мамлекеттик юридикалык университети Кыргыз абитуриенттерине 30 бюджеттик орунду берет. Бул тууралуу миграция кызматынан 24-февралда билдиришти.

Маалыматка караганда өткөн жылдын декабрь айында Миграция кызматынын статс-катчысы Н.Шерипов Свердлов облусуна иш сапары менен барган. Анын жүрүшүндө жогоруда аталган окуу жайдын ректору В.Бублик менен жолугушуп бюджеттик орундарды берүү боюнча макулдашууга кол койгон.

Кыргыз абитуриенттери февраль айынын соңуна чейин университеттин расмий сайты аркылуу катталууга тийиш. Окутуулар бакалавр жана магистратура багыты боюнча жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан