Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов 1 сааттан бери УКМКнын сурагынан чыга элек. УКМКнын имаратынын жанына депутаттын тарапташтары чогула баштады. Учурда 50гө жакын адам Шыкмаматовдун сурактан чыгышын күтүшүүдө. Алар сурактан кийин Шыкмаматовду камап коюшу мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
Айта кетсек, бүгүн, 24-февралда саат 13:00дө Бишкектеги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жанында митинг өтөт. Бул нааразычылык акциянын максаты - мамлекеттик ММКлардын оппозицияны каралоосуна жана оппозиция өкүлдөрүн куугунтукка алууга каршылык көрсөтүү экенин уюштуруучулар айтышкан.