“Экономика министрлигинин анализинде аймактардагы экспортту өнүктүрүү байкалган жок”, - деп бүгүн, 24-февралда өкмөттүн отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Өкмөт башчы министрлик экспортту өнүктүрүү боюнча жалпы өлкөнү анализдегенин айтып, аймактардагы көрүнүштү анализдөө зарылдыгын белгиледи. “Бул боюнча бүгүнкү күндө министрлик тарабынан эч кандай аракеттер көрүлгөн жок”, - деди Жээнбеков.
Ошондой эле 2018-2020-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү боюнча реалдуу программаны иштеп чыгууну министрликке тапшырды.