SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акыркы жолу качан жана эмнеге күлдүңүз?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бүгүн ФАПка баргам, анан ошол жерде бир кичинекей кыздан сурадым:- Чоңойгондо ким болосуң?- Лөлү болом.- Ай-ий, неге?- Чач алып, чач сатам,- дебеспи. Ошол жерде баарыбыз каткырып күлдүк".
"Дос кызым экөөбүз бир бөлмөдө жашайбыз , саат кечки 11ден өткөндө ал уйкуга даярданып жатып калат, анан мен ал уктап баратканда вотсаптан ага сүрөттөрдү, смстерди жаза баштайм, ал шарт көзүн ачып карайт да, кыйкырып мени урушуп кирет, күлүп жиберсем ал да күлөт, ошентип кечке күлөбүз, кечээ да ошентип жинине тийип аябай күлдүк. "Хвати-ииит!" деп бакырып алат".
"Кечинде бир нерсе эсиме келип күлдүм. Мындан бир топ жыл илгери чоң энем кайын сиңдиси менен шаарга барышат. Чоң энем такси чакырат. Таксист:- Өзүңүз элеби, эне?- десе, - Күтө тур, балам, азыр кыз келсин,- дейт. Бир аздан кийин дагы бир кемпир келип машинеге отурат. Дагы бир аз отурушат, чыдамы кеткен таксист:- Ой, эне, кызыңыз качан келет, тез эле келет дебедиңиз беле?- дейт. - Ээ, айланайын, айдабайсыңбы машинеңди, кыз бая эле келбедиби,- дейт энем.- Э, жарыктык, кызыңыз ушулбу? Кыз келет десеңиз, качан бир жаш кыз келет деп күтө берипмин го,- дептир. Келген кемпир - чоң энемдин кайын сиңдиси 80 жашта, чоң энем 85жашта болушат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.