Өкмөт "Азия MIX" командасына 300 миң сом берди

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиев "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда аталган командага КВНди (Шайырлар жана тапкычтар клубу) өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн резервдик фондунан 300 миң сом бөлүнгөнү айтылды.

"Улуу муун биздин өлкөдөн чыккан команда КВНдин Жогорку лигасында оюн көргөзсө деп кыялданчубуз. Жергиликтүү команда Жогорку лигада ойноп, чемпион аталат деп эч ким күткөн эмес. Бирок силердин энергияңар, ишеничиңер, талантыңар, кайталангыс тамашаңар менен көптөгөн мекендештердин тилеги орундалды", - деди Акылбек Осмоналиев.

Эскерте кетсек, өткөн жылы "Азия MIX" командасы КВНдин жогорку лигасын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2017-02-25 11:53:54
Биздин сыймыктуу команда мындан да кобуроок сыйлыкка татыктуу. Женишинер кут болсун. Ийгилик силерге!!
+6
KGstan1981
2017-02-25 15:49:12
Окмот жанагы бут дуйного тер жагын корсоткон оздорун батыр д.э. апрельчи морадерлорго бир милион сомдон жана квартиларды белек этишти.Ал эми бул Азия Микске 300 мин сом болуп эми ошону КТРКдан куну туну узбой макташат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан