Жалал-Абадда камакта отурган оппозиционердин колдоочулары митингге чыгышты

Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Бектур Асановдун колдоочулары митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар маалымдашты.

Алардын айтымында, 30-40ка жакын митингчилер Асановдун бийликти басып алуу ниети жок экенин айтышты. "Асановдун тарапташтары соттон мыйзамдын чегинде акыйкат чечим чыгарууну талап кылышты. Алар эгер Асанов 22-мартта бошотулбаса, мөөнөтсүз митингдерди өткөрүп баштаарын билдиришти. Бир сааттай туруп митингчилер тарап кетишти", - дешет тургундар.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдор "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынган. 22-мартта аларга карата соттун өкүмү чыгары күтүлүүдө. Мамлекеттик айыптоо Дастан Сарыгуловду 12 жыл, Кубанычбек Кадыровду 16 жыл, Бектур Асановду 15 жыл, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 22 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
BarsBaatyr
2017-03-07 16:32:33
Көпчүлүк эл Бектур Асановду чыккынчы,саткын деп эсептейт.Себебин баары эле билсе керек.
+1
Uragan07
2017-03-07 17:22:01
Камаш керек. 2010-жылы Кадыржан Батыров трибунада сүйлөсө, бул шүмшүк сүйүнүп кол чапкан. Бийлик колунда болчу ошондо. Са.ттарды баш көтөрбөй караш керек.
+1
ady-88
2017-03-07 19:46:27
Кадыржан батыровдун адамы да бул бектур асанов.
+1
aelita25
2017-03-07 22:25:48
Кебетелеринде турат жашоодон кыйналып кантип акча тапсам дегендер баары эле эптеп эле туруп беришсе 1кун акчаны алып кетишсе
+1
Beka1986
2017-03-08 15:17:18
Асановту чыгарбаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан