Ууртундагы уячасы, мукам үнү менен күйөрмандарын кайдыгер калтырбаган ырчы Сайкал Садыбакасова акыркы учурда жаңылануунун үстүндө жүргөн маалы. Алсак, көп жылдан бери "Кыз-Бурак" тобунда ырдаса, эми жеке ырчы, макияж жасоонун окуусун бүтүрүп, салон ачууга да жетишти. Анан калса, жүрөгүнүн ээси бар экенин кабарлады. "Мага сүйүүсүн арнаган жигит бар. Ал чыгармачыл чөйрөдөн эмес", - дейт ал.
Ырчынын акыркы жаңылыктары менен “Супер-Инфонун” жарык көргөн жаңы санынан (№750, 17-март, 2017-жыл) тааныша аласыз.