Кечээ, 22-ноябрда АКШнын Луизиана штатындагы Лафейетт шаарында "Амтрак" жүргүнчү ташуучу поезди жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөндөн кийин рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык саат 18:05те болгон. "Тру-Уэй Парк Роуд" тилкесиндеги жол чырагы жана тосмосу жок темир жолдон жүк ташуучу унаа өчүп калып, аны поезд келип сүзгөн.
Поездде жалпысынан 95ке жакын жүргүнчү болуп, кырсык болгон жерге 12 "Тез жардам" унаасы тартылганы кошумчаланды. Ал эми жабыркаган төрт жаран ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок экени айтылды.