Биз социалдык тармакта

"Жамийла" мюзикли Стамбул шаарында тартууланды 

21-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде сахналаштырылган мюзиклди тартуулады. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, маданий иш-чара Таксим аянтында жайгашкан Ататүрк маданий борборунда болуп өттү. Министрдин орун басары Айбек Дайырбеков "Жамийла" повестинин негизинде даярдалган мюзикл кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, улуттук баалуулуктарын жана маданиятын чет өлкөлүк көрүүчүлөргө таанытууда өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан