Эртең, 24-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым аймактарында жана Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7... +12, күндүз +15... +20;
- Талас жергесинде түнкүсүн +3... +8, күндүз +12... +17;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +16... +21;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0... +5, күндүз +7... +12;
- Нарын аймагында түнкүсүн -4... -9, күндүз +6... +11;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +9... +11, күндүз +16... +18 градус болот.