Икрамжан Илмиянов КСДП партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазды. Анын арызы качан каралары азырынча белгисиз. Бул тууралуу 22-мартта SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 19-мартта Абдыманап Кутушев жогоруда аталган партиянын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазганын тастыктаган. Илмиянов менен Кутушевдин арызын БШК канааттандырса, Жогорку Кеңешке депутат болуу кезеги тизме боюнча 52-саптагы Аида Касымалиевага келет.
17-мартта КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутат Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган.