КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Ал эми Жылкыбаевдин Ысык-Көл облусуна иш сапары менен кеткенин анын кабылдамасынан тастыктады. Бүгүн Узарбек Жылкыбаев облуска өкмөттүн өкүлү катары тааныштырылышы ыктымал.
Эске салсак, буга чейин бул кызматты Асхат Акибаев аркалап келген. Ал 2016-жылдын 29-январында дайындалган.
Узарбек Жылкыбаев мандатын тапшырса, тизме боюнча депутаттыкка Икрамжан Илмиянов турат.