Акыркы учурда балдардын өлүмү көп катталууда. Зар какшаган энелердин басымдуу бөлүгү мындай окуяга дарыгерлердин өз кызматына көңүл кош мамиле жасагандыгын айтып күнөөлөшөт. Алардын бири Кемин шаарынын тургуну Нуржамал Супабаева: "Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам баламдан ажырадым. Өз наристесин мындай акыбалда көрүүнү итке да каалабайт элем", - дейт.
Эненин тагдыры тууралуу макала “Супер-Инфонун” жарык көргөн жаңы санында (№751, 24-март, 2017-жыл) жайгашкан.