Жанар Акаев буйрукту аткарган депутаттарга таарынбастыгын айтты

“Менин тагдырымды бир ууч адам чечпеш керек", - деп бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев журналисттерге билдирди.

"Бүгүнкү КСДП парламенттик фракциясынын жыйыны жабык өттү. Анда мени бир гана фракциядан чыгаруу эмес, Жогорку Кеңештин комитеттеринен жана депутаттык комиссиялардан да чыгаруу чечими кабыл алынды. Мен депутаттарга таарынбайм, алар буйрукту аткарышты", - деди Акаев.

Айта кетсек, бүгүн, 24-мартта депутат Жанар Акаев парламенттеги КСДП фракциясынан чыгарылганын SUPER.KG порталына кесиптеши Марат Аманкулов билдирген. Буга чейин, 22-мартта КСДП партиясынын саясий кеңеши жыйын өткөрүп, анда Акаевди мандаттан ажыратуу маселеси каралары айтылган. Кворум чогулбай жыйын башка күнгө жылганы кабарланган. Ж.Акаев журналисттерге фракциядан чыгарылышы тууралуу маалыматы жок экенин билдирип, мандатын тапшырбасын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан