Бүгүн, 22-мартта КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйыны өтмөк. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди мандаттан ажыратуу маселеси каралары айтылып жаткан.
Жыйынга шашылып келген депутат Жанар Акаев журналисттерге: "Мен эч нерсени билбейм, маалыматым жок. Чакырышты эле, азыр келдим. Мен чечпейм, шайлоочулар чечет", - деп жыйынга кирип кетти.
Андан кийин кайра чыгып "башка күнгө жылдырышыптыр" деди. Журналисттердин мандатыңызды тапшырасызбы? деген суроосуна, "албетте, жок" деп жооп берди.