Ичиндегилерди уурулардан сактоочу көп функциялуу рюкзак ойлоп табылды

Korin Design компаниясы заманбап колдонуучулар үчүн ClickPack Pro аталыштагы рюкзакты иштеп чыкты. Анын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп уурулардын анын ичиндеги буюмдарды уурдап алышына жол бербегендиги саналат. Мындай маалыматты бүгүн, 12-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда жаңы рюкзакта бардык заманбап гаджеттер жана башка буюмдарды салуу үчүн атайын бөлүктөр бар. ClickPack Pro кадимки бычак менен кесилбей турган кездемеден жасалат. Андан сырткары ичиндегилерди жаан жааган учурда суу болуп калуудан сактайт. Рюкзак сыртынан код менен кулпуланат.

Ошондой эле анда кол чатырды ыңгайлуу кылып ага орнотуп алуу мүмкүнчүлүгү, банк карталарын салуучу бөлүк, смартфонго электр кубатын берүү үчүн сыртында жайгашкан USB уячасы бар. Телефон электр кубатын алышы үчүн рюкзактын ичинде портативдүү аккумулятор орнотулган. ClickPack Pro`нун баасы болжол менен 119 долларды (8100 сом) түзөт.

Уурулардан коргоочу рюкзак ойлоп табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Seryi-Kardinal
2017-04-12 15:31:38
reklamanar jadatty go,video korsotosunorbu
0
solntse95
2017-04-12 15:47:45
Баасына жараша экен
+2
ayjan_90
2017-04-12 16:17:33
Мынча сонун рюкзак мага аябай жакты
+1
Sofy
2017-04-13 11:23:21
Как раз для путешественников то, что надо!
0
sabirdinovich
2017-04-13 14:36:02
УУрдайм деген адам ал жалгыз проводду деле кесип алып кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан