Биз социалдык тармакта

“Токол той” тасмасынын каармандары кызыктуу суроолорго жооп беришти

Үй-бүлө, сүйүү жана жашоодон алынган окуяларды камтыган, коомчулукта талкуу жараткан “Токол той” тасмасынын башкы каармандары менен кызыктуу маек болду.

Бул тасмада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шаршен Шейшенов атанын образын жаратса, модель жана актриса Айша Байсакова токол кыздын ролун аткарган. Шаршен Шейшенов маекте турмуш куруу оюнчук эмес экенин жана үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле ал режиссёрлор жөнөкөй инсандын образын да сунуштаса деген өтүнүчүн айтты.

Ал эми актриса Айша Байсакова балалык кыялын орундатуу үчүн жолдошунан эмне сураган? Тажрыйбалуу актёрлор менен тартылууда эмнеден корккон?

“Токол той” – жөн гана кино эмес, үй-бүлөнүн тагдыры, адамдык мамиле жана коомдогу талаштуу түшүнүктөр жөнүндө ой салган тасма. Анын негизги максаты — үй-бүлө бузулбасын, ар бир адам өз чечиминин жоопкерчилигин түшүнсүн деген ойду жеткирүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан