Исфана-Сүлүктү жолуна түшкөн жер көчкү дагы да тазалана элегин окурман бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Сүлүктүнүн тургундары адырга чыгып, андан ары жолго чыгып шаарга каттап жатышат. Бүгүн жаан жааса, эми адырга да чыга албайбыз. Анда шаарга кантип каттайбыз?" - деген суроо салды окурман.
Эскерте кетсек, 10-апрелде окурман Исфана-Сүлүктү жолуна түшкөн жер көчкүнүн тазаланбаганы ыңгайсыздык жаратып жатканын "Элдик кабар" рубрикасына кабарлаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, анын көлөмү болжол менен 10 миң метр кубду түзүп, бүгүн, 12-апрелде жолду калыбына келтирүү иштери “Синьдзян бейсин” жол куруу компаниясы тарабынан жүргүзүлмөк.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.