SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көзгө сурма жасатуу" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Карындашымдын көзү бүтүк, курбу кызынын операция жолу менен көзүнө сурма койдурганын көрүп, "мен да жасатам" деп ыйлап жатат".
"Жасатпай эле койгон жакшы, операция кандай жыйынтык берет ким билет, артык кылабыз деп тыртык кылып албагыла. Биздин врачтарга анчалык ишенбейм. Укканым боюнча 10 миң сомго жасашат".
"Көзгө операция менен сурма кошкондун коркунучу жок, эгер өзүнүн ишин билген хирург болсо жакшы. Эки курбу кызым сурма койдурушту, азыр жакшы болуп калды. Биринчисиники бир жуманын ичинде эле шишиги тарап кетти, экинчисиники кичине көбүрөөк убакытта кетти. Экөө тең жасаткандарына өкүнүшкөн жок. Мурдагы сүрөттөрү менен салыштырса, асман менен жердей айырма бар, жасатканы такыр билинбейт".
"Жаңы сурмасы менен ааламды жашыл түс менен көрүп калыптырбы же кочкул түстөбү? Эгер эле жаңы көз менен жаңыча көрүп баштаган болсо макул дейли, анда модадан калбай биз да аракет кылалы".
"Пластикалык операциялардын баары эле зыян, эч нерсе болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, натыйжасы кандай болуп жатканын көрүп эле жүрбөйбүзбү, болгон келбетине шүгүр деп эле жүрө берсин".
"Сурмасы жоктор операцияны ойлобой эле койгула, кийин ал сурма өзү эле пайда болуп калат. Менде да жок болчу, скотч сыяктуу атайын көзгө чаптагыч колдонот элем. Кийин өзүнчө эле пайда болуп калды, 1 жарым жыл болду сурмам бар".
"Ушу сурма дегенди курбу кызым жасаткан. Бир жыл жакшы жүрдү, анан көзү кемпирлердикиндей "страшный" болуп калды. Көзүнүн үстүнүн эти шалбырап, жаман көрүнүт экен. Кылбай эле бүтүк көз болуп, бирок Кудайым берген алты саныңар аман-эсен, акыл-эсиңер ордунда жүрө бергилечи".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.