Боинг кырсыгы: МААКтын акыркы отчёту июлда жарыяланышы күтүлүүдө

Бишкектин четиндеги Боинг кырсыгын иликтеп жаткан Мамлекеттер аралык авиация комитетинин (МААК) акыркы отчёту 2017-жылдын июнь-июль айларында жарыяланышы күтүлүүдө. Июлда иликтөөгө деп каралган мөөнөт аяктайт. Маалыматты 13-апрелде Транспорт жана жол министрлиги билдирди.

Бирок иликтөө узарып кетиши да мүмкүн. Иштин көлөмү көп болсо, иликтөө жыйынтыгы кечигиши күтүлөт.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөдө.

Мамлекеттер аралык комитет март айында иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда учактын капитаны учуп-конуу тилкеси менен байланыш жоктугун айтып, учакты экинчи айлампага кетирүүгө буйрук бергени айтылат. Учакты экинчи айлампага жөнөтүү боюнча тийиштүү кнопка басылып, бирок 3,5 секунддан кийин аба кемеси кырсыкка учураган. Бул учурда учактын ылдамдыгы саатына 305 чакырымды түзгөн деп маалымдалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nazikbaigazy
2017-04-13 18:51:35
Кышта болгон кырсык, уже жай келгени калды кана миллиондор? элдин акчасы кана качан болуп бересинер? Силерден бироо бир сом сураган жок карапай калкым чогулткан акчаны болуп бергиле
+8
Nasichat
2017-04-13 19:13:07
Ашанын кара куржуну толбой жатабы? Озу биздин бийликтегилерде бети менен .... бирдей болуп калыптырда.
+6
Kroxa
2017-04-13 21:19:58
Туркия тарап канча миллион которгон элдин которгону100 миллиондон ашкан..жеп койбосонор уй сатып бергиле да ал жакта кандай жашоо откоруп жатышат ууланып калган дерде..
+1
adema86
2017-04-13 23:25:48
муну менен бийлик эмне ойду кыйытканын түшүнгөн адамга өтө күлкүлүү көрүнөт экен, башкаларды жинди деп ойлобогулачы, баары бир 100млнду дагы Түркия которгон 42млнду дагы жабыркагандарга беришинер керек. башкача болушу мүмкүн да эмес.
+1
iaau
2017-04-14 00:44:33
Баякы эле Элди алдамай, 7-апрель, ош окуясына окшоп эч ким жазаланбай калып кетет дагы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан