"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Тогуз-Торо районундагы оорукананы оңдоого 8 миллион сом керек

Тогуз-Торо районундагы Жалпы дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоого 8 миллион сом керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган борбордун директору Адина Умаров кабарлады.

"2014-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бул бөлүмдү чатырлоо үчүн 1 миллион 700 миң сом, Каргалык аймагынын айыл өкмөтү тарабынан кошумча 1 миллион 100 миң сом, "Панд-Шер" ачык акционердик коомунан 200 миң сом бөлүнүп, темир тунуке менен чатырланган. Ал эми бөлүмдүн ички оңдоо иштерине долбоор сметасы 8 миллион сомго түзүлгөн. Учурда акча каражаты
чечилбегендиктен, бөлүмдүн оңдоо иштери токтоп турат. Анын абалы чындыгында начар. Буга байланыштуу жогору жактарга (ӨКМ, ССМ, ЮНИСЕФ) каттар жөнөтүлгөн", - деп билдирди Адина Умаров.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-апрелде окурман "Элдик кабар" рубрикасына аталган борбордун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн абалы өтө начар экенин билдирген.

Тогуз-Торо районунун ооруканасынын абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kroxa
2017-04-14 10:31:47
Кресло,компютер алгыча жогорку кенешке акча болуп койушпайбы,,кум тордун проценттери кайда кетип аиат жылына бмрдкн оорукананы ондрп турса сонун болмок жеп жутуп отура беришеби??
+1
Siren90
2017-04-15 11:31:11
Демек кичинекей эле инфнекционный больницанын усту 3 миллионго жабылган экен да, мына сага тамаша...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан