Чыгармачылыкта өзүн ар тармактан сынап көрүүгө жетишип жаткан ырчы Айгерим Расул кызы эми продюсерлик кызматты колуна алды. Ошондой эле жеке ишкерлиги менен бирге үй-бүлөсүн да унутта калтырбай, бир кызга тарбия берип келет. Жакын арада өткөн "Кыргызстан сулуусу" сынагына калыстык кылган ырчы: "Кыргызстан сулуусу" сынагы акча табыш үчүн эле өткөрүлдү. Мамлекеттин эмес, мектептин деңгээлиндеги сынак болду. Уялганымдан акырына чейин тура албай чыгып кеттим", - дейт.
Ырчы айымдын сынакты коштогон чырлар боюнча пикирин жана чыгармачылыгындагы соңку жаңылыктарынан кабардар болгуңуз келсе, анда "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санын (№754, 15-апрель, 2017-жыл) алып окуңуз.