Американын Огайо штатындагы 8 жаштагы бала ата-энеси уктап жатканда, унааны уурданып айдап чыгып кеткен. Ал унаа айдаганды интернеттеги видеолордон үйрөнгөн деп маалымдашат, бүгүн, 14-апрелде чет элдик маалымат каражаттары.
Бала унаанын жүк салуучу бөлүгүнө 4 жаштагы карындашын да салып алган. Алар "Макдональдска" бет алышып, төрт кесилишти, темир жолду басып өтүп, бир канча ирет бурулуш жасашкан. Күбөлөр бала бардык ылдамдык нормасын сактап жол белгилерине көңүл буруп айдаганын айтышкан.
Көп өтпөй күбөлөрдүн бири окуя боюнча полицияга кабар берген. Полиция кызматкерлери 8 жана 4 жаштагы бир туугандарды "Макдональдстан" кармашкан.
Кармалган бала дароо ыйлап жиберип, болгону чизбургер жегиси келгендиктен ушундай кадамга барганын айткан. Аларды алып кетүү үчүн келген ата-энеси, балдар кечки тамакты ичкенин, балалык кызыгуудан улам ушундай кылганын билдиришкен. Ошондой эле башка ата-энелерге унаанын ачкычын балдар жетпеген же көрбөгөн жерге коюу зарыл экенин эскертишкен.
Ал эми полиция интернет менен чоңоюп жаткан муундан көп нерсени күтсө боло турганын белгилеген.