Дүйнөнүн коопсуз өлкөлөрү аныкталды, Кыргыз өлкөсү 98-орунда

13-апрелде өткөн бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун эксперттеринин чыгарган жыйынтыгы боюнча, 2017-жылы Финляндия дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Тизмеде бардыгы 136 өлкө болсо, экинчи орунда Бириккен Араб Эмираттары турат. Үчүнчү орунда Исландия жайгашкан. Ондукка Оман, Гонконг (Кытайдын аймагы), Сингапур, Норвегия, Швейцария, Руанда жана Катар кирген. Ал эми Кыргыз өлкөсү 98-орунду ээлеген.

Бул рейтингди түзүү үчүн кылмыштуулук менен терроризмге байланыштуу абал жана согуш жаңжалдары эске алынат. Форумда Колумбия дүйнөдөгү эң кооптуу өлкө деп табылды. Кооптуу өлкөлөрдүн ондугуна Пакистан, Нигерия, Йемен, Украина да кирген.

Ошондой эле туризм жаатындагы тейлөө кызматы боюнча тизмеде Кыргыз өлкөсү 128-орунда турат.

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум - швейцариялык бейөкмөт уюм. Жыл сайын өткөн форумда эл аралык көйгөйлөр каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан