Биз социалдык тармакта

Сеул менен Киевдин ортосундагы дипломатиялык чыңалуу күчөп жатабы?

Түштүк Корея Украинадагы дипломатиялык кызматкерлеринин бир бөлүгүн чакыртып алат. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда "Рёнхап" маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги мындай чечим Киев дипломатиялык жаңжалды жөнгө салуу үчүн жетиштүү кадамдарды жасабагандыктан кабыл алынганын билдирди. Ошондой эле Орусиянын аба соккулары дипломаттардын коопсуздугун камсыздоону кыйындатып жатканы белгиленди.

Буга чейин Украина Түндүк Кореянын туткундагы эки аскерин Сеулга өткөрүп бергени тууралуу маалыматтан улам эки өлкөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. Октябрдын башында Түштүк Корея Украинадагы элчисин чакыртып алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан