Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отуруму жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын бейрасмий жолугушуусу өтөт. Буга байланыштуу 14-15-апрелде борбор калаада айрым көчөлөрдө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-15-апрелде Бишкектеги Жаш Гвардия, Фучик, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жибек Жолу, Чыңгыз Айтматов, Манас көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр болот. Милиция жарандардан туура түшүнүүгө жана мүмкүн болушунча коомдук унаалар менен жүрүүнү суранууда.