Орусияда кармалган 50 Кыргыз жарандын 40ы бошотулду

12-апрелде Орусияда кармалган 50 Кыргыз жарандын 40ы бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчисинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Орусиянын укук коргоо органдары 50 Кыргыз жаранын кармаган. Элчиликтин кызматкери кармалган жарандардын укугун коргоого жиберилген. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында алардын 40ы коё берилип, ал эми калган 10унун ишин жергиликтүү сот 48 сааттын ичинде карап чыгып, чечим чыгарат. Алар Орусия Федерациясынын миграция боюнча мыйзамын бузушкан", - деп билдиришет элчиликтен.

Элчилик бул маселени өз көзөмөлүнө аларын убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
anar8672
2017-04-14 17:07:54
Кара тизмеден качан чыгышат ошол тууралуу да жазгылачы 2 ай мурун 43 мин адам кара тизмеден чыгат деп жаздынар эле
+5
Дарыгер
2017-04-14 17:22:39
Элчиликтин колунан ХХХ да келбейт. Элчиликтеги кызматкерлерди ХХХ ХХХ. Мигранттарды жумушка коюш керек
+6
kyrgyz.kg83
2017-04-14 17:30:23
Кайсы шаарда же кайсыл обласында кармашыптыр,толугурак малымат берсенер
+4
Belek2070
2017-04-14 20:13:54
kyrgyz.kg83, Екатеринбург шаарында мен кече 12.04.17. Куну саар менен жумушка барсам мени текшериштм ФМС удостоверениесин коргозуп, документерим таза трудовой договорум бар болгону учун мага эч нерсе дебестен документеримди кайра колума беришти да кечиресиз ишинизге ийгилик деп кетишти. Бирок суротко тартып алышты паспортумду озумду.
+1
Ali-han
2017-04-14 18:42:05
Элчилик кичине иштей баштаганбы? Бирок барып кайрылсан колунан келген жардамын кылышат. Эхх Кыргызстанга кетким келип кетти...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан