Оштогу Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрө ушул жылдын июль айында шаардыктарга тапшырылат. Бул тууралуу көпүрөнүн курулушуна барган мэрдин сапарында белгилүү болгонун Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
“Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген бул көпүрө үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинде тургузулуп жатат. Узундугу 45 метр болгон көпүрөнүн тендердик баасы 21,2 миллион сомду түздү. Унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, ал эми туурасы 15 метр. Үчүнчү көпүрөнүн курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында аяктайт”, - деген мэр Айтмамат Кадырбаев.
Мындан тышкары Сай-Бою көчөсү аркылуу Б.Нурматов көчөсүнөн А.Навои паркынын тушундагы Ы.Монуев көчөсүнө чейин 2,5 чакырым вело жол жана Сай-Бою көчөсүнөн спорт комитетинин алды менен Ленин көчөсүнө чыгуучу 350 метр жол курулуп жатканы маалым.
Ошондой эле үчүнчү көпүрөнүн жанына, Ак-Буура дарыясынын ортосуна көргөзмө аянтчасы курулуп, түрдүү маданий иш-чаралар өткөрүлүп турары белгилүү болду.