ЭЛДИК КАБАР: "Жол эрежесин бузган унаалардын сүрөтүн "Элдик кабарга" жөнөтсөк, аларга патрулдук кызмат чара көрөбү?" дейт окурман

"Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын маалында шаарда тыгын болуп жатса, айрым айдоочулар эреже бузуп, каршы тилкеге чыгып айдап, ого бетер абалды оор кылып жатышты. Ушундай эреже бузгандарды сүрөткө тартып, "Элдик кабарга" жөнөтсөк, патрулдук кызмат чара көрөбү?" - деген суроо салды окурман бүгүн, 15-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Higuain9009
2017-04-15 10:12:08
Озун эле эрежени бузуптурсун го э.Каршы тилкеде айдалган уунанын ичинен суротко тартыпсын.
-15
LEGENDA.
2017-04-15 10:23:06
Higuain9009,Өзүнүн жолунан тартыптыр. Ортодогу сызыкты карабайсыңбы
+9
ekaterinburg
2017-04-15 11:58:06
Жоното бергиле,жаза(наказание)албаса да уялышып калаар эч болбосо оздорун коруп,уяты жоктор.
+4
omurbekFCB
2017-04-15 12:41:12
копчулугу сатып алышканда праваны...
+2
Satana
2017-04-15 16:30:07
Адамдын озунон болотко. Мен 2002 жылы ВС категорияны эки саата алгам 2000 мин сомго. А досум 2000ге окуп 4 ай дегенде алды. Вождениеге майын куят, барат келет баш-аягы 3500го В категорияны алган. Мен билгенден озунун эки машинасын талкалады, жакында эле бироонун бусун 54000ге жазатып берди анан айтып калам: мына окуп алган праван деп. Просто неуверен болсон газ теппей шашпай айда!
0
Satana
2017-04-15 16:42:36
omurbekFCB,
Анан жон эле суйлой бербей кудай сактасын деш керек. Праваны окуп алса авария болбойт дегенди кайдан уктун эле
+2
nurru
2017-04-15 13:56:43
Сен чара коробу дегенден кийин штрафыдан дагы болушобу деп жаз ана бизнеспи жолдо журуп эле иштеп аласын
+3
Bekovich76
2017-04-15 13:59:14
Мен колдойм бузгандарга жёсткий чара колдонуш керек 2 тилкени кесип отконго тем более права лешат этиш керек
+2
Satana
2017-04-15 14:12:31
Bekovich76,Жоон эле жашай берчи. Шашып аткан кээбирлери болот жол бошотуп берип кой, наадандык кылып астын тоспой. Бир тууганына кан алып баратып шашканда встречныйды карап чыкканга туура келет. Бирок конечно каршы тилкеге жон эле чыга калгандары туура эмес
+2
Mestnyi2015
2017-04-15 14:20:35
Жол эрежесин козомолдогондор атайын бир сайт ачып, тартип бузгандыгын видео же сурот менен жибергендерге айып пулдун 20% ын берсе, баары так болмок жана факт да бар.
+2
Azat.97
2017-04-15 14:50:49
мен колдойм!!
+2
Uson13
2017-04-15 20:27:10
Бизде айдоочулар бири-бирин сыйлабайт
+2
Barchynbek
2017-04-16 07:03:12
Гайлер безприделшик болуп жатса эл кайдан онолот.оздоруно жараша безпридел кылып жатышатда.коом онолсо элда онолот.закон сыйлаган киши жок азыркы тапта.законду сыйласа баары онолот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан