Оштогу Кара-Суу көчөсүндөгү "Корзинка" дүкөнүнөн алынган көгөрүп кеткен йогуртту кардар кайтара албай койгонун бүгүн, 18-апрелде кабарлады.
"Кечээ, 17-апрелде саат 21:30да йогурт алганбыз. Үйгө келип ачып карасак, ичи көгөрүп кетиптир. Бүгүн, чек менен чогуу алып барсак, 2 администратор кабыл албай коюшту. Азыкка алар жооптуу экенин айтсак, "колуңардан келгенин кылып алгыла" дешти. Йогуртту колубуздан алып, төгүп жаткан жеринен араң алдык. Аны эч жакка алып барып арызданбасын дешти окшойт. Андан соң кабинетине бекинип алышты", - дейт окурман.
Окурман дүкөндө ошондой эле дагы 10дой йогурт бар экенин, алар көөп калганын айтты.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.