ИИМ: "Окуучулар аэрозолдук баллонду чачып ойноп, ууланышкан"

Эскерте кетсек, 17-апрелде Балыкчы шаарындагы Абдылдаев атындагы №3-мектептин 12 окуучусу ууланып ооруканага түшүшкөн. Бүгүн, 20-апрелде Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришкендей, окуучулар аэрозолдук баллондогу газга ууланышкан.

"17-апрелде окуучулардын бири апасынын аэрозолдук баллонун мектепке алып келген. Ага кызыккан балдар аны корридордо чачып ойноп көрүшкөн. Бир окуучунун бетине да чачылып кеткен. Жыйынтыгында ойногон окуучулар жана корридордо жүргөндөр ууланып калышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш иши козголобу же жокпу азырынча белгисиз", - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.

Ошондой эле Эрнис Осмонбаевдин айтымында, бул аэрозолдук баллонду уруксатсыз атайын курал-жарак сатуучу дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн, бирок ал жаш балдарга берилбестигин айтып, аны өзүн коргоо үчүн гана колдонуу керектигин кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүнкү маалыматы боюнча, уулангандардын бири 2001-жылкы Самат Маратов кечээ, 19-апрелде саат 15:25те канааттандырарлык абалда ата-энесинин карамагы менен ооруканадан чыгарылды.

"Бүгүн 5 окуучу да ооруканадан чыгарылат. Андан ары аларга амбулатордук дарылоону үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору көрсөтөт. Мындан сырткары 2002-жылкы Зарина Эмилова неврология бөлүмүнө которулду. Ал ууланганга чейин 4 ай бою эсин жогото берген. Буга байланыштуу, ал Бишкекке атайын реанимациялык унаа менен жеткирилет. Учурда ооруканада уулангандардын бешөө дарыланып жатат", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан