Жарандык активисттер "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндөгү" мыйзам долбооруна кол коюуну президенттен суранышты

Бүгүн, 20-апрелде өткөн маалымат жыйынында жаш активисттер, кризистик борборлордун, балдардын укугун коргоо боюнча уюмдардын өкүлдөрү "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндөгү" мыйзам долбооруна кол коюусун суранып, президентке кайрылышты. Үстүбүздөгү жылдын 16-мартында аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 28 депутаты тарабынан демилгеленип кабыл алынган, андан соң президенттин кол коюусуна жиберилген.

Жарандык активисттердин айтымында, жаңы мыйзам долбоорунун мурда бар болгон мыйзамдан айырмасы - анда мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуудагы функциялары, милдеттери так жазылган. Ошондой эле долбоор жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин-бири өлтүрүүгө чейин жеткирген зордук-зомбулукту токтотуудагы жоопкерчилигин арттырат.

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2014-2015-жылдары үй-бүлөдөгү маселелер боюнча 481 кылмыш иши катталган. Анын ичинен 39у үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун айынан киши өлтүрүүлөр боюнча", - деди Балдардын укугун коргоо лигасынын өкүлү Назгүл Турдубекова.

Ошондой эле "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун кабыл алууга 25 миллион сом акча каражаты сарпталары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан