Айрым жаңы курулган жолдор 1 жылга жетпей кайра бузулуп жатканын бүгүн, 20-апрелде Жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов моюнуна алды. Сапатсыз салынып, бузула баштаган жолдорго бюджеттен кайра акча бөлүнбөйт, көтөрмө ишканалар калыбына келтирип, пайдаланууга өткөрүп беришет.
"Мына ушундай жолдордун катарына Бишкектен "Манас" аэропортуна кетчү аймакка салынган жол кирет. Бул жолдун кепилдиги 1 жыл болчу, бирок ал убакытка жетпей бузулуп калды. Биз аянттарын бүт эсептеп чыгып, комиссия түзүп көтөрмө ишканага калыбына келтирүүсүн тапшырдык. Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору август айларында бүтүшү керек, бирок курулуп бүтө электе бир жак учу бузула баштады. Бул жолду да өз мөөнөтүнөн кеч эмес, сапаттуу бүтүрүү талабын койдук", - дейт Калилов.
Министр белгилегендей, ушундай жолдорду пайдаланууга өткөрүп алууда жаңы технология менен текшерүүгө өтүү зарылдыгы турат.
"Орусиядан 2 көчмө лаборатория жабдыгы алынат. Алар жолдун алдынкы жана үстүнкү катмарынын абалын аныктайт. Асфальттын сапатын жана жол бардык параметрлерге жооп береби аныктап берген эффективдүү жабдык. Бардык коңшу мамлекеттер бул технологияга эчак өткөн", - деп кошумчалады ал.